Чек ара кызматы: "Сапёрлор жарылбай калган снаряддарды залалсыздандырып жатышат"
Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Өткөн түнү ок атышуулар катталган жок. Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз аймагында 3-майдан бери Коргоо министрлигинин сапёрлор тобу жарылбай калган снаряддарды залалсыздандырып жатышат. Буга байланыштуу Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жашаган Кыргыз жарандарынан жардыруунун үнүнөн чочулабоону суранат.
"Чек арачылар бүтүндөй кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайтарууда. Чек ара кызматынын Баткен облусуна жайгаштырылган бөлүктөрү жана түзүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда", - деп айтылат маалыматта.