Чек ара кызматы: "Өзбекстандын посту өз ордунда калды. Чек арада абал туруктуу"
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде Баткен районундагы Кызыл-Кыя аймагында, эки мамлекеттин чек ара кызматтары мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгына жакын жерде чек ара постун орнотуу иштерин жүргүзүшкөн. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Аткезчиликке каршы аракеттенүү максатында Кыргызстандын УКМК кызматкерлери тарабынан чек аранын бул тилкесинде күзөттө турган чек арачылар үчүн контейнер орнотулган. Буга жооп кылып, өзбек тарап чек ара постун мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгына жакындатуу аракетин жасап, аймакты тазалоого киришкен. Кечээ мамлекеттик кадастрдык мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анда тараптар Өзбекстандын чек ара постун чек ара сызыгына жылдыруу маселесин талкуулашты.
"Жолугушуунун жыйынтыгында Өзбекстандын чек ара посту өз ордунда кала турган болду. 2021-жылдын 8-ноябрында биргелешкен чек ара тозотторунун кыймылынын маршрутун макулдашуу үчүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу пландалууда. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде абал туруктуу", - деп айтылат маалыматта.