Тажикстандын жарандары кыргыз-тажик чек арасына жакын аймакка тосмо орнотуп жатышабы? Расмий жооп
Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 5-августта Лейлек районундагы Максат айылында болжол менен саат 18:30 чамасында "Футбол талаасы" деген аймакта Тажикстандын Овчи-Калача айылынын тургуну үйүнүн айланасына тосмо орното башташкан.
"Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда дароо сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, анын жыйынтыгы боюнча саат 18:50дө курулуш иштери токтотулду. УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалга мониторинг жүргүзөт жана чек аранын такталбаган тилкелериндеги ар кандай тиричилик ишмердүүлүктү алдын алат",- деп айтылат маалыматта.