SerepTV Logo

Чек ара кызматы: "Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктунда турган жүк ташуучу унаалардын саны азайды"

Чек ара кызматы: "Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктунда турган жүк ташуучу унаалардын саны азайды"
Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктунда турган жүк ташуучу унаалардын саны азайды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, «Ак-Тилек-Автожол» өткөрүү пунктунда көзөмөлдөн өтүү үчүн 50дөй жүк ташуучу унаа турат. Кечээ, алардын саны 119 болчу. Мындан тышкары, Чек ара кызматы бош жүк ташуучу унаалар мамлекеттик чек арадан Кыргызстандан Казакстанга "Кең-Булуң-Автожол" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу эркин өтө алаарын эскертти.