SerepTV Logo

Чек ара кызматы: «Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктунда 120га жакын жүк ташуучу унаа турат»

Чек ара кызматы: «Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктунда 120га жакын жүк ташуучу унаа турат»
Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги «Ак-Тилек-Автожол» өткөрүү пунктунда унаалардын анча-мынча тыгыны байкалууда. Чек араны көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунан өтүү үчүн кезекте 120га жакын жүк ташуучу унаа турат. "Бул жерде унаалардын тыгыны циклдик мүнөзгө ээ, жүк ташуунун көбөйүшү менен байланыштуу. Бош жүк ташуучу унаалар Кыргызстандан Казакстанга "Кең-Булуң" өткөрмө пункту аркылуу өтө алышат",- деп айтылат маалыматта.