Чек ара кызматы: "Ак-Тилек-Автожол" өткөрүү пунктунда 100гө жакын жүк ташуучу унаа турат"
Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу . Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мамлекеттик чек арадан өткөрүүчү көзөмөл-пунктары штаттык режимде иштеп жатат. "Саат 08:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги "Ак-Тилек-Автожол" постунда көзөмөлдөн өтүү үчүн кезекте 100гө жакын жүк ташуучу унаа турат. Алардын ичинен 30-40 унаасы бош контейнерлерди ташышат. Калган унаалар эл керектөөчү товарларды жана азык-түлүктү ташышат",- деп айтылат маалыматта.
Жогоруда аталган өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын топтолушу экономикалык иштин активдешүүсү жана жүк жүгүртүмүнүн сезондук көбөйүшү менен байланыштуу экени айтылат. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана унаалардын тыгыны катталган эмес.