SerepTV Logo

Чек ара жаңжалында өрттөлгөн Максат айылынын тургундарына жаңы үйлөрдү куруу башталды (сүрөт)

Чек ара жаңжалында өрттөлгөн Максат айылынын тургундарына жаңы үйлөрдү куруу башталды (сүрөт)
Максат айылында өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жаңы турак үйлөрдүн курулушу башталууда. Бул тууралуу Баткен өкүлчүлугүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Максат, Сада, Интернационал айылдарында жумушчу сапар менен болгон. Ыйгарым укуктуу өкүл президенттин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Баткен облусундагы атайын өкүлү Мамыржан Рахимов менен бирге, куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жана калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшүн жеринде көрүп чыгышты. Абдикарим Алимбаев жергиликтүү тугундарды сабырдуулукка чакырып, аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңул буруларын, кыска аралыкта турак үйлөрдү куруу, жарандардын жоголгон документтерин берүү иштери аткарыларын белгиледи. Ошондой эле курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жергиликтүү жетекчилерге, тазалоо иштери аяктаган жерлерде, турак үйлөрдүн курулушун баштоону тапшырды. Турак үйлөрдүн курулушун бүгүн, 11-майда баштоо пландаштырылды. Болуп өткөн окуядан Максат айылында 89 үй, мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык пункту, айыл башчынын имараты өрттөлүп, жараксыз абалга келген. Азыркы учурда айылда 50гө жакын убактылуу үйлөр тигилген. Электр энергия калыбына келтирилип, таза суу, сугат суу берилип жатат. Максат айылында 1200 тургун, 288 кожолук жашайт. Айылда чек арадагы жаңжалда бир жаран каза болгон. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="45294,45295,45296,45297,45298,45299,45300,45301,45302,45303"]