Чек ара жаңжалында башына ок жеген жаранга операция ийгиликтүү жасалды
Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жана Улуттук госпиталдын хирургдары кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагышылууда жабыркаган жаранга оор операция жасашты. Кесиптештери менен Баткенде жүргөн анестезиолог Каныбек уулу Мирлан билдиргендей, 2-майда Лейлек райондук Жалпы практикалык дарыгерлер борборуна 30-апрелде чек ара аймагындагы башаламандык учурунда башына жана көкүрөгүнө ок жеген бейтап келип түшкөн.
Бейтап Бишкек шаарынан келген медиктердин кароосунда болуп, анда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусундагы консилиумда тез арада башындагы окту алып чыгуу боюнча операция жүргүзүү чечими кабыл алынган.
“Оор операцияны нейротравматолог Илимбек Манаров жана хирург Уланбек Ташбаев жасашты. Операция 2 саатка жакын созулду. Баштагы окту тез арада табуу үчүн рентгенге тартышкан. Операция ийгиликтүү аяктады. Азыркы учурда оорулуунун абалы салыштырмалуу канааттандырарлык”, - деп айтылат маалыматта.