SerepTV Logo

Чек ара жаңжалы. Түштүк Кореядагы кыргызстандыктар митингге чыгышты

Чек ара жаңжалы. Түштүк Кореядагы кыргызстандыктар митингге чыгышты
Түштүк Кореяда жашаган кыргызстандыктар бүгүн, 10-майда Тажикстандын Сеулдагы элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар 29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда тургундар набыт болгонун айыпташты. Акциянын катышуучулары колдоруна чек ара чырында каза болгон 12 жаштагы окуучу кыз, Лейлектин тургуну Мадина Рахматжанованын, прапорщик Бекзод Юлдашевдин сүрөттөрүн көтөрүп турушту.   [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="44955,44954,44953,44952"] Буга чейин Германияда, Италияда, Швейцарияда, Британияда, Канадада жана АКШнын бир катар шаарларында жашаган кыргызстандыктар Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдына акцияга чыгышкан.