SerepTV Logo

Чек ара жаңжалы. Кыргызстандыктар Баткенге 60 куту дары-дармек жөнөтүштү

Чек ара жаңжалы. Кыргызстандыктар Баткенге 60 куту дары-дармек жөнөтүштү
Жарандар баткендиктер үчүн 60 куту дары-дармек жана таңуу материалдарын чогултушту. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, “Жардам берүү штабына” келген дары-дармектерди Дары-дармек жана медициналык шаймандар департаментинин кызматкерлери бөлүштүрүшкөн. Медициналык жүк Баткен облусуна жөнөтүлдү.