Ар кайсы чет мамлекеттеги кыргыз жарандары баткендиктерди колдоп митингге чыгышты. Митингге чыккандардын видео, сүрөттөрү социалдык тармактарда жарыяланды.
Сан-Францискодогу (АКШ) митингдин катышуучулары эл аралык институттардан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду жоопко тартууну талап кылышты.
«Адамдар каза болушту, бул тууралуу эл аралык маалымат каражаттары жазышты. Биз жардамга муктажбыз. Кыргызстанга жардам бериңиздер”, - дешет мекендештерибиз.
Мындан тышкары, н
ааразычылык акциялары Германиянын эки шаарында - Франкфурт-на-Майне жана Гамбургда өттү. Кыргызстандыктар митингге Тажикстандын Германиядагы элчилигинин имаратынын алдына чыгышты.
«Мен биринчи кезекте тынчтыкка чакырам. Бул жаңжалды курал колдонбостон жана зордук-зомбулуксуз тынчтык жолу менен чечүүгө чакырам. Ошондой эле, жетишилген келишимдерди сактоого чакырам”, - дейт Кыргыз жараны.
https://youtu.be/tElbwWRoKn4