Чек ара жаңжалы. Айылдарына кайтып келе баштаган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат (сүрөт)
Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында милициянын көчмө кабылдамасы иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык, Борбордук, Арка-2, Достук айылдарында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте толугу менен күнү-түнү иш алып барууда.
"29-30-апрель күндөрү эвакуация болуп айылдан чыгып кетип, бүгүнкү күндө өз айылдарына кайтып келген жарандарга милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, милициянын көчмө кабылдамасы арыз-кайрылууларды кабыл алып жатышат. Учурда жогорудагы аталган аймактарда абал туруктуу",- деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="43367,43368,43369,43370"]