SerepTV Logo

Чек ара жабык. Бишкекке Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан учуп келген борт кайра учуп кетти

Чек ара жабык. Бишкекке Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан учуп келген борт кайра учуп кетти

Бишкектеги аэропортто 200гө жакын тажик жарандары калып калды. Бул тууралуу Тажикстандын ЖМКлары жазды. Жарыяланган маалыматка караганда, Тажик жарандары үчүн Кыргызстандын чек аралары жабык болгондуктан, тажиктер Бишкек эл аралык аэропортунда калып калышкан. 25-майга караган түнү Дүйшөмбүдөн Бишкекке келген тажикстандык Somon Air авиакомпаниясынын дээрлик 200 жүргүнчүсүнө Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынган. Алардын айрымдары журналисттерге берген маегинде Тажик жарандары үчүн Кыргызстандын чек аралары учаардын алдында жабык турганы жөнүндө аларга эч ким кабарлашпаганын айтышкан. 

24-майда Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов "Тажикстан менен мамлекеттик чек арадан өтүүнү толугу менен токтотуу чечими кабыл алынды" деп билдирген эле. Анын айтымында, чек ара чатагы чечилмейинче, өлкөнүн чек аралары жабык бойдон калат. Тажик бийлиги бул тууралуу расмий түрдө кабар алышпаганын айтууда.

"Манас" эл аралык аэропортунан билдиришкендей, Тажикстандан чартердик рейс Бишкекке бир күн мурун келген. «Чек аралардын жабылышына байланыштуу 189 тажикстандыктын өлкөгө киришине тыюу салынган. Алар ошол эле рейс менен Тажикстанга жөнөтүлгөн. Ушул эле рейс менен келген башка өлкөлөрдүн 9 жаранына кирүүгө уруксат берилет», - деп билдиришти аэропорттун басма сөз кызматынан.

УКМКнын Чек ара кызматына 21-майдан тарта Тажикстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу кирүүсүнө, чыгуусуна, өтүүсүнө жана транзит менен өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө жайгашкан "Кулунду-Автодорожный", "Кайрагач-Автодорожный", "Кызыл-Бел-Автодорожный", "Бордебо-Автодорожный" жана "Карамык-Автодорожный" өткөрүү пункттарында товарларды жана транспорт каражаттарын Тажикстан Республикасына өткөрүүгө тыюу салынган. Чек ара эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн гана ачык.