Чаткал-Талас унаа жолу ачылды
21-июль күнү саат 15:00 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Шилбили өзөнүнөн келген сел суулар Кара-Буура-Чаткал унаа жолунун 15-чакырымында жолду каптап, унаа өтүүчү көпүрөнү бузуп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кесепетинен каттам эки тараптуу жабылып болжол менен 25-30 унаа өтө албай калган. Жабыркагандар жок. Жеринде 4, 4 куткаруучу тартылып, унаа жолу сел калдыктарынан толук тазаланып, ачылган. Ал эми өтө албай калган унаалардын жүргүнчүлөрүнө Кара-Буура жана райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ысык тамак берилип, туруктуу жайларына жөнөтүлгөн.