SerepTV Logo

Чаткал милициясы алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө

Чаткал милициясы алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө
Чаткал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери район аймагындагы айылдарды аралашып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, зордук-зомбулукту болтурбоо маселесин талкуулап жатышат. Ошондой эле алдыда келе жаткан жай мезгилине карата дарыя бойлоруна, шар аккан каналдарга, көлмөлөрдүн кооптуу участокторуна эскертүү тактайчалары орнотулууда. Өспүрүмдөргө сууга түшүүдө этият болуу керектиги эскертилүүдө. Мындан сырткары ата-энелерге балдарын түнкү убакыттарда көчөгө чыгарбоо зарылдыгын айтып жатышат. Алардын өмүрү кымбат экендиги белгиленип, жаратылышка өздөрүн эс алууга жөнөтпөй, ар дайым көзөмөлгө алууга чакырышууда. Эрте никеге туруунун терс жактары айтылып, топтошуп мушташуулардын алдын алуу зарылдыгы жеткирилүүдө.
Unknown Author