SerepTV Logo

"Чагымчыл аракет жасап, чыр-чатакты курчуткан". Кыргызстандын Орусиядагы элчилигиндеги окуя

"Чагымчыл аракет жасап, чыр-чатакты курчуткан". Кыргызстандын Орусиядагы элчилигиндеги окуя
24-июлда Кыргызстандын жаранына консулдук кызматтарды көрсөтүү учурунда, аны коштоп жүргөн адам өзүн туура эмес алып жүрө баштаган. Департаменттин кызматкерлери менен атайылап чагым кылуу аракетин жасап, чыр-чатактуу кырдаалды курчуткан, бир нече жолу сабыр кылып, кабинкадан чыгып кетүүсүн өтүнгөнүнө карабай элчиликтин кызматкерлерин мазактап, жаман сөздөр менен сөгүп баштаган. Натыйжада жаранды Консулдук бөлүмдүн имаратынан күч менен чыгарууга туура келген.  Андан ары ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Орусиянын укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. "Териштирүүлөрдүн  жүрүшүндө, бул адам Орусиянын жараны экени белгилүү болду. Ошол эле учурда, электрондук базада анын кыргыз паспорту дагы бардыгы аныкталган. Ошол эле учурда, элчиликте жарандарды кабыл алуу залында өз кезегин күтүп жаткан адамдардын көрсөтмөлөрү бар",- деп айтылат маалыматта. Өз кезегинде, консулдук кабыл алууну жүргүзгөн элчиликтин кызматкери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнө жана Орусиянын укук коргоо органдарына  аталган жаранга карата чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган. Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери тарабынан мыйзам бузуу фактылары тастыкталган учурда, тиешелүү чаралар көрүлөт.