“Centerra Gold” кыргыз өкмөтүн Эл аралык арбитражга берүүнү демилгелеп жатат
16-майда Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады. Бул тууралуу билдирүү чет элдик компаниянын сайтына жарыяланды.
"Центерра Голд" кыргыз өкмөтүнөн Кумтөр кенине байланыштуу жакында кабыл алынган мыйзамды же "Кумтөр Голд Компани" ишканасына экологиялык чыгым менен салыктан улам салынган айып пулду токтотууну талап кылат. Компания кыргыз өкмөтүнүн акыркы аракеттерин Кумтөр кениндеги инвестициялык келишимдерди бузуу деп эсептейт. Канадалык компания ошондой эле Бишкек келишимге келбесе, "Кумтөр Голд Компани" тарткан бардык чыгым үчүн арбитраждык сотто кыргыз өкмөтүнүн жоопкерчилигин кароону өтүнөрүн билдирет.
"Центерра Голддун" президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри “Компаниянын өз укугун, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жана акционерлердин кызыкчылыгын арбитражда коргоодон башка аргасы калган жок. Эгерде өкмөт конструктивдүү диалогго барууну кааласа биз даярбыз” деп билдирет.
Билдирүүдө кыргыз өкмөтүнүн "мыйзамсыз аракеттери" катары: 6-майда Кумтөрдү сырттан башкарууга жол ачкан мыйзамдын кабыл алынышы, 7-майдагы соттун 3 миллиард доллар экологиялык доо койгон арызды шашылыш канааттандырганы, укук коргоо органдарынын "Кумтөр Голд Компанинин" бир катар менеджерлеринин үйүнө чейин барып кызматкерлерин коркутканы, 15-майда компаниянын Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөнү белгиленген.
Компания тараптарда ишти карай турган арбитрды тандоого 28 күн бар экенин эскерткен. Эгер тараптар арбитр ким болоору тууралуу мунаса таба алышпаса, анда “Центерра” арбитрды дайындап берүү өтүнүчү менен Гаагадагы Туруктуу арбитраждык сотко кайрылмакчы.
16-майда Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы кыргыз парламенти 17-майда «Kумтөр Голд Компанини» мамлекетке өткөрүү жараянын баштоо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн экенин белгилеп, тынчсыздануусун билдирди. Эл аралык банктын кайрылуусунда “бул сыяктуу чечимдер Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрүнүн жана чет элдик инвесторлордун алдындагы милдеттенмелерин аткаруусуна шек жаратат” деп айтылат. Банк бул өлкө экономикасын калыбына келтирүүдө жана инвесторлор үчүн "кооптонууну пайда кыла турган тобокелдик" экенин белгилейт.
17-майда Кумтөр кени боюнча депутаттык комиссия парламентте маалымат берет.
Быйыл 17-февралда Жогорку Кеңеште кендеги ишмердүүлүктү текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн, кийин ага мамлекеттик макам ыйгарылган. 12-майда комиссиянын отурумунда анын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров ишкана Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштеши керек экенин белгилеп, жалпысынан «Кумтөр Голд Компани» 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген. 6-майда “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам Жогорку Кеңеште кабыл алынып, ал 14-майда күчүнө кирген.