Бүтүндөй элдин сүймөнчүгүнө айланган балага фотограф белек берип келди (сүрөт, видео)
Бүтүндөй элдин сүймөнчүгүнө айланган балага фотограф Зафер Динчер кайрылып барып, белек-бечкегин берип келген. Бул тууралуу сүрөтчү Инстаграмдагы баракчасына жазып, видео жана сүрөттөрдү жүктөдү. "Белектерибизди берип келдик... Бул күн мен үчүн да абдан жакшы күн болду", - деп жазды ал.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="61939,61943,61940,61941,61942"]
Фотограф Зафер Динчер буга чейин соцтармактагы баракчалары аркылуу керемет сүрөттөрдүн топтомун жарыялаган. Интернет колдонуучулардын басымдуу бөлүгү сүрөттөгү баланын баёо көз-карашына, сүйкүмдүүлүгүнө эзилип бүтпөй, дагы бир бөлүгү жайлоону, кымызды сагынганын жазышкан. Фотограф кадрлар уюлдук телефондун камерасына тартылганын билдирип, топтомду «Тоонун баласы» деп атаган.Посмотреть эту публикацию в Instagram