Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл сабиз 2,5 эсеге көп экспорттолгон
2020-жылдын беш айында 13 миң тонна сабиз сыртка экспорттолсо, 2021-жылдын беш айында 31 миң тонна сабиз сыртка чыгарылган. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу маалымат жыйында билдирди. Ал эми сабиздин баасынын кескин өсүп кетүүсүн сезондук көрүнүш деп белгиледи.
Кыргызстанда акыркы учурда жашылча-жемиш кымбаттап, 20-30 сомдун тегерегинде сатылып жаткан сабиздин баасы 100-120 сомго жеткен.