SerepTV Logo

Былтыр сүт азыктарын экспорттоонун көлөмү 2 эсеге өскөн

Былтыр сүт азыктарын экспорттоонун көлөмү 2 эсеге өскөн
Былтыр сүт жана сүт азыктарын экспорттоонун көлөмү 2 эсе өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Маалыматка караганда, 2020-жылы 2016-жылга салыштырмалуу экспорттук жөнөтүүлөрүнүн жалпы көлөмү 2 эсеге көбөйүп, жалпы суммасы 46 миллион долларга, дээрлик 35 миң тоннага жеткен. Азыркы учурда сырткы рынокко негизги сүт жана сүт азыктарынан ак май, сырлар жана быштак, сүт менен суюк, кургак каймак, кычкыл сүт азыктары жөнөтүлүүдө. "Сүт азыктары негизинен Казакстанга жөнөтүлдү, коңшу өлкөгө 2020-жылы 24,1 миллион долларга продукция жиберилсе, бул продукциянын экспортунун жалпы көлөмүндө 52 пайыздан ашыгын түзөт, ошондой эле 46 пайызга жакыны Орусияга жөнөтүлгөн. Сүт жана сүт азыктары Өзбекстан, Тажикстанга да экспорттолот", - деп айтылат маалыматта.