Былтыр 5,8 миң адам өлкөдөн чыгып кеткен
2020-жылы өлкөгө келгендерге караганда башка жакка туруктуу жашоо үчүн (же ал жакта узак мөөнөт жашоо үчүн) чыгып кеткендердин саны көп болду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
2020-жылы Кыргызстанга туруктуу жашоо үчүн 1 миңге жакын адам келген, ал эми 5,8 миң адам өлкөдөн чыгып кеткен. Ал эми мурдагы жылга салыштырмалуу өлкөдөн чыгып кеткендердин саны 21 пайызга төмөндөгөн. Тагыраак айтканда, 2019-жылы 7,6 миң адам мекенинен кетип калган.
Мындан тышкары, 2020-жылы туруктуу жашаган жерин алмаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары башка мамлекеттин аймагына чыгып кеткен жарандардын санынын кыскарганы белгиленди. Мурдагыдай эле мигранттар үчүн туруктуу жашаган жерин тандоо планында басымдуулук кылган мамлекеттер - Орусия (65,1 пайыз) жана Казакстан (28,6 пайыз).