SerepTV Logo

Сугат каналдарын оңдоп, тазалоого бюджеттен 162 миллион сом каралды

Сугат каналдарын оңдоп, тазалоого бюджеттен 162 миллион сом каралды
Быйыл өлкөнүн сугат каналдарын оңдоого жана тазалоого мамлекеттик казынадан 162 миллион сом каралды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда каралган акчанын 30 миллион сому каржыланууга берилген. Ал эми калган сумма 2021-жылдын 1-майына чейин которулат. Ал эми республиканын жалпы ирригациялык каналдарын реконструкциялоо үчүн 650 миллион сом талап кылынат.
Unknown Author