SerepTV Logo

Быйыл Ош шаарынын көчөлөрүнө 73 миң көчөт отургузулат

Быйыл Ош шаарынын көчөлөрүнө 73 миң көчөт отургузулат
Быйыл Ош шаарына аймактын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинаты тарабынан жалпысынан 650 түп ийне жалбырактуу, 450 түп жазы жалбырактуу жана 72 миң түп бадал көчөттөрүн отургузуу пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ 13-февралда Ош шаарынын Юго-Восток кичи районунун Бахапов көчөсүндө көчөттөр отургузулган. Ага калаанын мэри Таалайбек Сарыбашов, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышкан. Анда Сарыбашов мындай иш-аракеттердин максаты шаарга көрк берип, жашыл зоналарды көбөйтүү болуп саналаарын айткан.
Unknown Author