SerepTV Logo

Быйыл мамлекеттик карызды төлөөгө 37 миллиард сомдон ашык каражат бөлүү пландалууда

Быйыл мамлекеттик карызды төлөөгө 37 миллиард сомдон ашык каражат бөлүү пландалууда
2021-жылдын январь жана февраль айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 5 миллиард 457,8 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинен маалымдашты. Бул сумманын 3 миллиард сомдон ашыгы тышкы карызды төлөөгө жумшалган. Белгилей кетсек, өткөн жылы бул максаттарга 30,7 миллиард сом жумшалган, анын 5 миллиард 362 миллиону январь-февраль айларында сарпталган болчу. Быйыл мамлекеттик карызды төлөөгө 37 миллиард 266 миллион сом бөлүү пландалууда. Бул рекорддук сумма.
edita