Бүгүнтөн тарта маршруткада жүрүү акысы 15 сом, троллейбус менен автобустарда 11 сом болду
Бишкекте бүгүнтөн тарта коомдук транспортто жүрүү жаңы тарифтер менен ишке ашат. 28-сентябрда шаардык кеңештин депутаттары жол кире акысын көтөрүүнү караган токтом долбоорун колдошкон.
Бишкек шаардык кеңештин токтому бүгүн, 1-ноябрда күчүнө кирди. Менчигинин түрүнө карабастан кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң сантиметр кубдан ашкан троллейбустарда жана автобустарда жүрүү азыр 11 сом; маршруттук таксилерде, кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң сантиметр кубдан аз автобустарда — 15 сом.
Пенсионерлер үчүн жеңилдетилген жол жүрүү калды. Маршруткада пенсионерлер үчүн жол кире 8 сом болсо, бул тариф 8:00дөн 21:00гө чейин гана иштейт.