SerepTV Logo

Бүгүнтөн тарта Бишкекте батирлерге жылуулук берүү токтотулат

Бүгүнтөн тарта Бишкекте батирлерге жылуулук берүү токтотулат

Бүгүнтөн тарта Бишкекте батирлерге жылуулук берүү токтотула баштайт. Токтомго мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.

Жылуулук берүү мезгилинин бүтүшү тууралуу токтом Бишкек шаары боюнча апрель айында күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолун эске алуу менен чыгарылды. Ага ылайык, 2021-жылдын 6-апрелинен тарта 2020-2021-жылдын жылуулук берүү мезгили аягына чыкты деп эсептелинет.

Бишкек шаарынын ЖЭБине, "Бишкек жылуулук тармагына", "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасына жана ведомстволук буу казан ишканаларынын башчыларына борбордун имараттарын жылуулук менен камсыз кылган жылытуучу жабдууларды өчүрүү тапшырмасы берилди.

Unknown Author