SerepTV Logo

Бүгүнтөн баштап Кыргыз өлкөсүнөн Орусияга туруктуу авиакаттамдар көбөйдү

Бүгүнтөн баштап Кыргыз өлкөсүнөн Орусияга туруктуу авиакаттамдар көбөйдү
Бишкек-Москва багыты боюнча туруктуу авиакаттамдар көбөйтүлдү. Бул тууралуу Орусиянын Кыргыз мамлекетиндеги элчилигинен кабарлашты. Каттамдарды эки авиакомпания аптасына үч ирет жүргүзөт: "Аэрофлот" (шейшемби, жума, жекшемби) жана "АвиаТраффик" (шаршемби, жума, жекшемби). Кыргыз жарандары, мындан сырткары, чартердик, анын ичинде башка багыттагы авиакаттамдар менен да учуп кете алышат. Бул үчүн бир катар негиздемелер керек. Алар:
  • Орусияда жашаган жакын туугандары (өмүрлүк жары, ата-энеси, балдары, асырап алуучусу, асырап алынгандар), Орусия жарандарынан камкорчулары барлар;
  • чет өлкөдө жашаган мекендештердин Орусияга ыктыярдуу түрдө көчүп келүүсүн илгерилетүү боюнча мамлекеттик программага катышуу;
  • дарылануу үчүн баруу;
  • Орусияда жашоого уруксат кагаз алуу;
  • камкордукка муктаж оорулуу туугандарына (жубайына, ата-энелерге, балдарга, багып алуучу ата-энелер, асырап алынган балдар), камкорчуларга баруу үчүн Орусияга бир жолу кирүү;
  • Орусияга жогорку квалификациялуу адис катары үй-бүлө мүчөлөрү (жубайлар, ата-энелер, балдар, багып алуучу ата-энелер, асырап алынган балдар) тарабынан ФСБга жана Орусиянын ИИМине жумуш берүүчү жиберген тизмелер боюнча;
  • дипломатиялык же консулдук мекемелер аккредитацияланган же дайындалган кызматкерлер, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү.
edita