Бүгүнкү күндө шайлоо тилкелеринин 85 пайызы пандус менен жабдылган
Бүгүнкү күндө шайлоо тилкелеринин 85 пайызы пандус менен жабдылган. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси Акбалык Жумалиева билдирди.
Анын айтымында, ар бир шайлоо тилкесинде көрүүсү начар шайлоочулар үчүн лупа бар. Ошондой эле шайлоочунун коштоп жүрүүчү жардамчысы жок болсо, жардам алуу үчүн чакыруу баскычын колдонсо болот. Бардык видеолордо сурдокотормолор жана субтитрлер бар.
Шайлоо участкаларындагы бардык маалыматтык материалдар Брайл шрифтинде даярдалган, бюллетендин бир бөлүгү да Брайл шрифинде басылган.