Бүгүн "Ысык-Көл" мейманканасын бузууга каршы болгон жарандар чогулушат
Бүгүн, 28-декабрда саат 11:30да "Ысык-Көл" мейманканасын бузууга каршы болгон жарандар чогулушат. Бул тууралуу уюштуруучулар соцтармактарга жазып, катышууга чакырып жатышат.
"Намыс үчүн баарыңыздар келгиле, ар кимиңер өз салымыңарды кошкула, мамлекетибиздин талкаланышына жапатырмак каршы туралы!" - дешет алар.
24-декабрда президенттин иш башкармалыгы «Ысык-Көл» мейманканасын бузуу иштери башталганын, анын пайдаланууга кооптуу экенин билдирген. Ал эми кечээ, 27-декабрда мейманкананын ордуна административдик комплекс курулары маалым болду.