SerepTV Logo

Бүгүн Ташиев Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат берет

Бүгүн Ташиев Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат берет
Бүгүн, 19-мартта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат берери күтүлүп жатат. Буга чейин президент Садыр Жапаров пост жазып, маалымат берерин айткан. "19-мартта Жогорку Кеңеште Камчыбек Кыдыршаевич ар бир чарчы метр жер боюнча ийне-жибине чейин ачык-айкын маалымат берет", - деген өлкө башчысы.