SerepTV Logo

Бүгүн Садыр Жапаров президенттик кызматка киришет

Бүгүн Садыр Жапаров президенттик кызматка киришет
Бүгүн, 28-январда Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземи өтөт. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияга саат 10:45ке белгиленген. Буга чейин аземге 1 миңден ашуун конок чакырылганы маалым болгон. Алардын бардыгы ПЦР-тест тапшырышканы айтылган. Уюштуруучулар тарабынан аземге мурунку президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдун чакырылганы маалым болгон. Мындан тышкары, Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында иш-чара шаардын тургундары жана коноктору үчүн түз эфирде көрсөтүлөт.
edita