SerepTV Logo

Бүгүн Садыр Жапаров журналисттерге, жеке ишкерлерге, маданият кызматкерлерине каршы футбол ойнойт

Бүгүн Садыр Жапаров журналисттерге, жеке ишкерлерге, маданият кызматкерлерине каршы футбол ойнойт
Президент Садыр Жапаров башында турган президенттин администрациясынын командасы бүгүн, 17-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышат. Иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган. Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө экени белгиленет. Беттештерге президенттин администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышат.