Бүгүн Садыр Жапаров ЖРТда эң жогорку балл топтогон бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификаттарды» тапшырат
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай топтогон орто мектептер менен лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификаттарды» тапшырат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Иш-чара коронавирус инфекциянын жайылышына байланыштуу учурдагы кырдаалды эске алып, зарыл санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулган жана бардык катышуучулар алдын ала ПЦР-тест тапшырышкан. "Иш-чара Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, өлкөнүн республикалык жана облустук телеканалдарынын социалдык тармактардагы баракчаларынын түз эфиринде көрсөтүлөт. Иш-чара саат 10:00дө башталат", - деп айтылат маалыматта.