SerepTV Logo

Бүгүн парламентте порносайттарга тыюу салуу маселеси кызуу талкууланды

Бүгүн парламентте порносайттарга тыюу салуу маселеси кызуу талкууланды
Бүгүн, 4-июнда парламентте порносайттарга тыюу салуу маселеси кызуу талкууланды. Депутат Дастан Бекешев чоң адамдар муну көрүүнү өзү чече турганын айтса, Марлен Маматалиев жалпы эле тыюу салуу керектигин белгиледи. Ал эми эл өкүлү Аккулу Бердиев порносайттардын айынан Кыргызстанда балдардын төрөлүүсү азайып кеткенин айтты. Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.