Бүгүн Ошто "Таза шайлоо" деген талап менен митинг өтөт
Бүгүн, 2-апрелде Ошто митинг өтөөрү пландалууда. Бул тууралуу "Улуу-Журт" саясий париясынын лидери Мирлан Орозбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, митинг бүгүн, Ош шаарында саат 15:00 башталат. Анда "Таза шайлоо" өткөрүү талабы көтөрүлөт.