SerepTV Logo

Бүгүн Кыргызстанга “Спутник V” вакцинасынын 80 миң дозасы келет

Бүгүн Кыргызстанга “Спутник V” вакцинасынын 80 миң дозасы келет
Бүгүн, 17-июнда Кыргызстанга “Спутник V“ вакцинасынын 80 миң дозасы келет. 40 миң кишиге эсептелген Орусиянын препаратын сатып алууга мамлекеттик бюджеттен акча бөлүндү. Бул тууралуу "Азаттыкка" министрлер кабинетинин төрөгасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирген. “Бүгүн Орусиядан “Спутник V” вакцинасы келет. Мындан тышкары Кытайдын "Sinopharm" вакцинасынын 150 миң дозасы 20-июнда келиши күтүлүүдө”, - деди Бакашова. Ушул күндөрү Кыргызстанда 90 миңден ашык киши эмдөөдөн өттү. Март айынын этегинде башталган бул өнөктүктө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын "Sinopharm" жана Орусиянын “Спутник V" вакциналары колдонулду. Буга чейин эл аралык COVAX программасынын алкагында "AstraZeneca" вакцинасынын 210 миң дозасы келери да маалымдалган.
Unknown Author