SerepTV Logo

Бүгүн Жер-Үй кенинде комбинаттын ачылышы болот. Иш-чарага Путин онлайн катышат

Бүгүн Жер-Үй кенинде комбинаттын ачылышы болот. Иш-чарага Путин онлайн катышат
Бүгүн, 17-мартта Талас облусунда Жер-Үй кенинде алтын кен комбинатынын салтанаттуу ачылышы болот. Иш-чарага президент Садыр Жапаров жеринде, ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин онлайн катышат. Алтын чыгаруучу фабриканын кубаттуулугу жылына 1,3 миллион тонна руданы түзөт. Бардык казып алынган руда алтынды кайра иштетүүчү фабрикада кайра иштетилет, андан кийин Кыргызстандын аймагында тазаланат. Кыргызстандын Улуттук банкы алтын куймаларды сатып алууда артыкчылыкка  ээ болот.
Unknown Author