Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт
Бүгүн, 24-декабрда саат 9:00дөн 23:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Өчүрүү Панфилов көчөсү - Манас проспектиси - Фрунзе көчөсү — темир жол линиясы.
“Бишкек суу канал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.