Бүгүн Бишкектин 3 конушунда таза суу убактылуу жок болот
Бүгүн, 9-мартта Бишкектин 3 жаңы конушунда саат 9:00дөн 15:00гө чейин таза суу жок болот. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Мэрия бул "Энесай" суу топтомунда жана шаардык суу түтүктөрдө жүрө турган оңдоо иштерине байланыштуу экенин маалымдайт.
Суу төмөнкү объектилерде жок болот:
- № 21 муниципалдык аймактык башкармалык;
- № 2, 2а, 4 бала бакча;
- № 9 Үй-бүлөлүк медицина борбору;
- № 20 китепкана;
- № 7, №6 милициянын аймактык пункту;
- №21, №94 орто мектептери;
- "КУТ МонтажСтрой" ЖЧКсы;
- "Ак-Илбирс" компаниясы;
- "Бегимай-Дордой" бала бакчасы;
- Свердлов районунун коомдук-профилактикалык борбору, №32в "Дордой" базары.