Бүгүн Бишкекте Ак калпак күнүнө карата улуттук кийимдер парады өттү (сүрөт)
Бүгүн, 4-мартта борбор калаада Ак калпак күнүнө карата улуттук кийимдердин парады болду. Иш-чара саат 10:00дө "Ала-Тоо" кинотеатрынын алдында башталып, борбордук аянтта жыйынтыкталды.
Ошондой эле аталган параддын алкагында кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси да болду.
Эске сала кетсек, Кыргызстан 5-мартты Ак калпак күнү катары он жылдан бери белгилеп келет.





