SerepTV Logo

Бүгүн Анжеликанын кичүү кызы Айлинге операция жасалат

Бүгүн Анжеликанын кичүү кызы Айлинге операция жасалат
Бүгүн, 25-январда ырчы Анжеликанын кичүү кызы Айлинге операция жасалат. Бул тууралуу Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун маалымат кызматынан билдиришти. “Ырчынын 5 жаштагы кызы Ысык-Көлдөн бизге жеткирилди. Бүгүн ага операция жасалат. Абалы орточо оор”, - деди маалымат катчы. Ошондой эле, кечээ операция жасалган Анжеликанын абалы учурда канааттандырарлык экенин кошумчалады. Белгилүү болгондой, ырчы Анжелика 23-январда Балыкчы-Ананьево жолунда жол кырсыгына кабылган. Анда ырчынын омурткасы жабыркап, ал эми кичүү кызы жамбашынан травма алган. Ырчыга кечээ, 24-январда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда шашылыш түрдө операция жасалып, ал эми кызы Түп райондук ооруканасынан реанимобиль менен Бишкек шаарына жеткирилген.
Unknown Author