SerepTV Logo

Бүгүн Ак-Сай менен Ворух айылдарындагы чек арага пост орнотулду

Бүгүн Ак-Сай менен Ворух айылдарындагы чек арага пост орнотулду

Бүгүн, 18-майда Баткен облусунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавындагы чек арада Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.

Жолугушууда эки республиканын чек ара аймактарынын башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө жетишилген келишимдердин аткарылышы талкууланды.

Бүгүн, 18-майда Ак-Сай жана Ворух айылдарынын чек арасында эки тараптан тең милиция посттору орнотулган. Саат 07:25те унаалардын өтүүсү Ходжаи-Аъло - Ворух жана Ак-Сай - Тамдык багыттарында жүргүзүлүп жатат. Саат 08:00дөн тарта тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында биргелешкен күзөттөрдү өткөрүшөт.