Бүгүн, 7-июнда аба ырайынын ысыгы 39 градуска чейин жогорулашы күтүлөт
6-июндан 7-июнга чейин Кыргызстанда ысык аба-ырайы күтүлөт, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 37…39 градуска чейин, Талас өрөөнүндө 36…38° градуска чейин жогорулашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
ӨКМ тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.