Бүгүн 52 адам коронавирустан айыкса, ошончо адамдан жаңы катталды
Кыргызстанда 11-мартка карата 52 кишиден коронавирустан айыгып чыкса, дал ошончо адамдан вирус жаңы аныкталды. Ал эми каза тапкандар болгон жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, жуктургандар боюнча эң көп учур Бишкек шаарында -борбордо бир суткада 26 адамдан вирус табылган. Чүй облусунда 16 адамдан, Ысык-Көлдө -2, Баткенде 2 адам катталган.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар:
- Бишкек – 19;
- Ош шаары – 2;
- Чүй облусу – 9;
- Ош облусу – 2;
- Талас облусу – 2;
- Нарын облусу –2;
- Ысык-Көл облусу – 1;
- Жалал-Абад облусу – 1;
- Баткен облусу – 2.