SerepTV Logo

Бүгүн, 5-март — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү

Бүгүн, 5-март — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү
Жыл сайын 5-мартта Кыргызстанда Ак калпак күнү белгиленип келет. Бул күн улуттук баш кийимди даңазалоо максатында 2017-жылы мыйзам менен бекитилген. Өлкөдө бул күнү борбордук аянттарда жана башка коомдук жайларда ак калпакты даңазалоочу ар кандай иш-чаралар уюштурулуп келет. Ошондой эле активүү жарандар бул күндө элди улуттук кийимдерди унутта калтырбоо үчүн бир күн көңүл бөлүп, көчөгө кийип чыгууга чакырышат. Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-март улуттук баш кийим күнү катары режиссер Рысбек Жабировдун демилгеси менен 2011-жылдан бери белгиленет.
Unknown Author