Бүгүн 34 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду
Бүгүн, 10-мартта өлкөдө 34 адам коронавирус аныкталды. Анын 24ү Бишкекте, 10у Чүй облусунан табылды.
Муну менен өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 86 миң 640ка жетти.
Ал эми илдеттен сутка ичинде Ош шаарында бир адам каза болду, жалпы өлүм учурлары 1476ны түздү.
Бир сутка ичинде коронавирустан дарыланып жаткан 60 бейтап айыкты. Пандемия башталгандан бери 83 миң 666 бейтап ооруну жеңди.
Ошондой эле 10-мартка карата ооруканаларда 294 бейтап дарыланып жатат, анын ичинен 11 адам өтө оор абалда, 82 адам оор абалда, 199 бейтап орто оордукта, 3 адамдын абалы канааттандыраарлык. Үй шартында 261 бейтап дарыланып жатат.
Бир сутка ичинде медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алгандар жана айыккандар катталган жок. Былтыр пандемия башталгандан бери 4206 медик вирус жуктуруп алган, анын 4195и сакайган.