SerepTV Logo

Бүгүн 17 өнөр жай объектинин ачылышы өттү

Бүгүн 17 өнөр жай объектинин ачылышы өттү
Бүгүн, 30-декабрда өлкөнүн ар кайсы аймактарында жайгашкан 17 жаңы өнөр жай жана инфраструктуралык объектилердин ачылышы онлайн режимде өттү. Бул объекттер 2024-жылга карата жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке киргизүү программасынын акыркы объекттери болгон. «Өлкөбүздө жүздөгөн заводдор, фабрикалар ишке кирип жатат. Бүгүн биз расмий түрдө 2024-жылга пландаштырылган 17 объект жана жалпысынан 102 өнөр жай ишканалары ачылганын жарыялайбыз! Анын ичинен 85и жыл ичинде ишке киргизилген. Мен 17 жаңы ишкананын ачылышына старт берип жатам», - деди Адылбек Касымалиев.