"Бул сүрөт башка жерден тартылышы мүмкүн". Бала бакчадагы тамак боюнча расмий жооп
Кечээ, 5-апрелде жарандык активист Азият Жекшеев социалдык тармактагы баракчасына: "Итке бербеген тамакты бөбөктөргө берип жатасыңар",- деп жазып, бала бакчада берилген тамактын сүрөтү менен бөлүшкөн эле.
Ал сүрөт Көк-Жарда жайгашкан №182 бала бакчада ата-энелер тарабынан тартылганын билдирген. Бул боюнча СЕРЕП МЕДИА агенттиги Октябрь райондук билим берүү борборунун жетектөөчү адиси Айтолкун Аманбаева менен байланыштык.
Анын айтымында, аталган бала бакчада бул окуядан кийин текшерүү жүргүзүлгөн, текшерүүнүн жыйынтыгында бул факты тастыкталган эмес.
"Фейсбук баракчасында 2021-жылдын 5-апрелинде жарыяланган №182 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде балдар сапатсыз тамак-аш менен азыктанып жатат деген арыздануу боюнча бүгүн Октябрь райондук билим берүү борборунун тамак берүүнү көзөмөлдө бөлүмүнүн кызматкерлери жеринде текшерүү жүргүзүштү. Текшерүүнүн жыйынтыгында бул факты тастыкталган эмес. Тактап айтканда, мекеменин менюсунда бул тамак болгон эмес",- деди ал.
Мындан тышкары, Аманбаева социалдык тармакка жүктөлгөн сүрөттүн башка жерден тартылышы толук мүмкүн экендигин айтты.