"Бул күндөр да өтөт". Камчыбек Ташиевдин ойлуу сүрөтү талкууда
Социалдык тармактарда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн тик учакта бара жатканда тартылган сүрөтү кызуу талкуу жаратты. Сүрөттөрдөн төраганын терең ойлуу, чарчаңкы жүзүн көрүүгө болот.
Мындан тышкары, ал түшкүсүн Чоң-Алайдагы "Карамык" постуна барып, нан, балык, айран менен тамактанган.
Бул сүрөттөрдү көргөн социалдык тармактын колдонуучулары Камчыбек Ташиевге ден соолук, күч-кубат каалап, бул күндөрдүн өтөрүн да айтышкан.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="52240,52239,52238"]
УКМКнын Чек ара кызматы 4-июнда кыргыз-тажик чек арасында абал курчуй баштаганын билдирген. Тактап айтканда, Тажикстандын аскер кызматкерлери делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери жыйынтыкталганга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жазылбаган тилкелерде кандайдыр-бир иштерди жүргүзүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу мурда жетишилген макулдашууларга карабастан, жетишилген келишимдерди бузуу менен 4-июнда таңкы саат 03:00дө Кыргыз Республикасынын аймагына 1000 метр кирип келип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Унжу-Булак» мамлекеттик чек арасынын жазылбаган тилкесинде контейнер орноткон. Абалды жөнгө салуу үчүн жерине Камчыбек Ташиев баштаган топ учуп кеткен.