БШК төрайымы шайлоо тынч жана мыйзам чегинде өтөөрүнө ишенет
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламенттик шайлоо тынч жана мыйзам чегинде өтөөрүнө ишенет. Ал Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдиргендей, добуш берүүнүн купуялуулугу Конституция жана мыйзамдар менен кепилденет. "Биз силерди эркин добуш берүүгө чакырабыз", - деди ал.
Ал талапкерлер жана партиялар мыйзамдарды сактап, мыйзамсыз ыкмаларды колдонбойт деген ишенимин билдирди. «БШКнын мүчөлөрү, добуш берүү процессинин кынтыксыз өтүшү сиздердин ишиңиздерден көз каранды",- деди ал.
Бүгүн Жогорку Кеңешке шайлоо аралаш система менен өтүүдө.